Эртең оюн. "Ак шумкарлар" менен беттеше турган Япония курамасы тууралуу эмне белгилүү?

Эртең, 15-июнда Япониянын Осака шаарында футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунун алкагында Япония курамасына каршы ойнойт.

Кыргыз курамасы менен Япония тарыхында 2 жолу беттешкен. Бири 2018-жылы болуп өткөн жолдоштук оюн. Экинчиси ушул тандоо турунун алкагындагы 2019-жылы өткөн оюн. Эки беттеште тең "Ак шумкарлар" утулуп калган.

Япония тайпада 21 упайы менен каршылаштарынан алда канча алдыда. Башкы машыктыруучу Хадзимэ Мориясу тайпалык баскычтагы оюнга жалпы 23 оюнчуну чакырган.

ФИФА уюмунун май айындагы рейтингинде Япония 28-орун, Кыргыз өлкөсү 99-орунду ээледи. Эки команданын беттеши Осака шаарындагы 39 миңден ашуун көрүүчү бата турган "PANASONIC Stadium Suita" стадионунда өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 16:30да башталат.

SUPER.KG порталынан Япония - Кыргыз өлкөсү беттешин онлайн окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
taxa007
2021-06-14 09:48:50
Буйруса АКШУМКАРЛАР утат. АЛГАА
+5
interpol
2021-06-14 10:00:42
Туугандар дуа кылалы баарыбыз Оо Аллах жапондор менен болгон оюунда бизге оомат бер. Өзүнүн жардамың менен жеңишти колго алалы омииин
+4
Asmat84
2021-06-14 10:05:57
Тандоо туру кандай болот мен эч эле түшүнбөдүм мисалы кыргыз өлкөсү 99-орунда турса 28- орунда турган Япония менен эмнеге ойнойт?
Япония 28
Кыргызстан 99
Монголия 192
Тажик 121 орунда экен
анан булар кандай бири бири менен ойношот
Бирок Кудайыма шүгүр биз бир топ өлкөлөрдөн алдыда турат экенбиз
+1
Aybiyke
2021-06-14 10:32:00
Asmat84,шондой экен да энди ме кылалбыз
+1
zhaynak
2021-06-14 12:04:13
Asmat84,континентке карап группаларга болунот. Испания, италия бразилиялар менен бир группага тушпойбуз,себеби алардын континенти башка болот.
+1
Aimani
2021-06-14 12:05:35
Asmat84, Азия чемпионатына талапкерлер чучу кулак менен группаларга болунот.анан Бир Бири менен ойноп,алдынкы эки орунду алгандар кийинки турга отушот.
+1
aslan_akjol89
2021-06-14 14:19:08
Asmat84,Бул жон гана командалардын ийгилигинин рейтинги.Ал эми тандап алуу турларына бул рейтингдин тийешеси жок.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан