Жалал-Абаддагы Туюк-Көлгө чөгүп кеткен жарандын жансыз денеси табылды

Буга чейин Жалал-Абад облусундагы Туюк-Көл көлүнө эркек киши чөгүп, изделип жаткан. Бүгүн, 14-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен изделип жаткан жарандын жансыз денеси суудан чыгарылганын кабарлашты.

"12-июнь күнү 1992-жылы туулган жаран Туюк-Көл көлүнө чөгүп кеткен. 13-июнь күнү жерине издөө иш-чараларын жүргүзүүгө жалпы 8 куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 4 адам тартылган. Ошол эле күнү саат 16:00дө маркумдун жансыз денеси табылды", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан