"Евро-2020" турниринин алкагындагы Дания - Финляндия беттешинде оюн талаасында эс-учун жоготкон белгилүү футболчу Кристиан Эриксен клиникалык өлүмгө дуушар болгон. Бул тууралуу Дания курамасынын башкы дарыгери Мортен Боесен билдиргенин чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
"Эриксен оюн талаасында өлгөн. Анын жүрөгү токтоп калган. Эриксенди кантип сактап калганыбызды деле билбейм. Бул абдан тез болду. Эмне болгонун түшүндүрө албайм, эмне деп жооп берерибизди дагы билбейбиз", - деген Боесен.
Клиникалык өлүм бул жашоо менен өлүмдүн ортосундагы өткөөл мезгил. Клиникалык өлүм учурунда жүрөктүн кагышы жана дем алуу процесси токтоп, организмдин бардык белгилери толугу менен жоголот.
12-июнда өткөн Дания - Финляндия беттешинде футболчу Кристиан Эриксен оюн талаасында эс-учун жоготкон. Мындан улам беттеш үзгүлтүккө учурап, калыстар бир жарым сааттан кийин беттешти улантуу тууралуу чечим кабыл алышкан.