Ош шаарында азык-түлүк дүкөнүнөн өрт чыкты

Ош шаарында дүкөндөн өрт чыкты. Бактыга жараша, жабыркагандар жана каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.

"13-июнь күнү Ош шаарынын Навои көчөсүндөгү дүкөндөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылып, саат 12:54тө өрт чектөөгө алынып, саат 13:20да толук өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен азык-түлүк дүкөндүн 40 чарчы метр болгон ички жасалгасы күйгөн, өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан