Ош облусунун Ноокат районунда бир күн мурда жол кырсыгы катталып, 3 адам көз жумган. Андан тышкары 2 киши оор жаракат менен Ош шаардык ооруканасына жаткырылганын ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашкан.
Бүгүн, 14-июнда кырсыктан жабыркаган дагы 3 бейтап каза болгону маалым болду. Бул туурасында республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашты.
Каза болгондор: Дэу Матиз унаасынын айдоочусу 1986-жылкы Б.Н., 1965-жылы туулган Т.А. аттуу аял, 1989-жылы туулган К.Г. аттуу аял, 2006-жылы туулган Ы.А. аттуу бала, 2021-туулган Ы.С. аттуу эркек бала.
Мындан тышкары 6 адам жабыркады. Алар Хонда Фит унаасынын айдоочусу, 2014-жылы туулган Ы.У., 2018-жылы туулган Ы.У. (бир туугандар), 2006-жылы туулган М.М., 2004-жылы туулган М.А. жана 2006-жылы туулган Х.М.
Кырсык тууралуу:
13-июнда Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 22-чакырымында Хонда Фит жана Дэу Матиз унаалары сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болуп (1 аял, 1 эркек, 1 наристе), 2 эркек киши оор жаракат алышканы
кабарланган.