8-13-июнь күндөрү Польшада өткөн "Poland Open" аттуу рейтингдик турнирде алтын медаль жеңип алгандыгы үчүн Айсулуу Тыныбекова кайрадан дүйнөлүк рейтингдин сап башына жайгашты. Мындай маалымат Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, бул турнир рейтингдик болуп, жогорку орундарды ээлеген балбандар упай алышкан. Турнирдеги жеңиштин аркасы менен Тыныбекова 2021-жылы дүйнөлүк рейтингдин сап башына жайгашты.
Мындан тышкары 68 килограммга чейинки салмак ченинде Мээрим Жуманазарова дүйнөлүк рейтингде дагы ТОП-3түн катарына кирди. Айпери Медет кызы 76 килограммга чейинки салмак категориясында 5-орунга жайгашты.