Бишкек шаарында алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 30-май күнү Октябрь райондук милициясына шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда А.Н аттуу жаран арыз ээсине жеке айдоочумун деп ишенимине кирип, Рухий-Мурас конушунан 340 миң сомдук Honda-Fit үлгүсүндөгү унаасын ээлеп алып үчүнчү жактарга сатып өзүнүн керектөөлөрүнө коротконун жазган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 39 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Октябрь райондук соту шектүүнүн баш коргоо чарасын карап, СИЗО-1ге эки айга камакка алынган. Унаа табылып, ээсине кайтарылып берилди. Милициядан учурда иликтөө иштери уланып жатканын кошумчалашты.