Түркияда Чыңгыз Айтматов атындагы маданий борбор ачылат

Түркияда Чыңгыз Айтматов атындагы маданий борбор ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

Ал президент Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий иш сапарында коштоп барган. Ал расмий иш сапар жемиштүү болгонун, маданият жаатында 8 келишимге кол коюлганын белгиледи.

"Расмий иш сапар алкагында Чыңгыз Айтматов демилгелеп кеткен Ысык-Көл форумунун кезектеги жыйыны болду. Анда түрк дүйнөсүнүн улуу инсандары эскерилип, анда Айтматов боюнча да кеңири сөз болду. Ошондой эле келишимдерге ылайык, Түркияда Чыңгыз Айтматов атындагы маданий борбор ачабыз. Борбор кыргыз маданиятын таанытууга, эки өлкө ортосундагы достук мамилени жогорулатууга, Айтматовдун мурастарын пропагандалоого кызмат кылат. Ал эми биздин өлкөдө түрк дүйнөсүнүн улуу акыны Юнус Эмренин маданий борбору ачылат", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан