13-июнда Москва облусунун Сергиев Посад шаарында Чыңгыз Айтматовдун Кубогу үчүн Орусия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын кайчылаш жылына арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан кабарлашты.
Мелдешке Кыргыз өлкөсү менен Орусиядан 4 команда катышты. Көк бөрүнүн маанисин эл аралык аренада көрсөтүп берүү үчүн Орусиянын Москва, Иркутск жана Подольск шаарларындагы командалардын ар бирине экиден кыргыз көк бөрүчү кошулуп ойноду.
Жарым финалда Подольск шаарынын командасы “Атуул” командасы менен беттешип, 12:2 эсеби менен 3-орунду ээледи. Финалдык беттеште Москва облусунун командасы "Иркутск" командасын 4:1 эсебинде утуп, Чыңгыз Айтматов Кубогун жеңди.
Сыйлоо аземине Кыргыз Республикасынын Көк бөрү федерациясынын президенти Искендер Кадыркулов, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директору Айбек Ажигулов жана Орусия элдеринин Ассамблеясынын аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Назиржон Абдуганиев катышты.
Мындан тышкары "Москва" командасынан Бообек Шакирбек уулу турнирдин мыкты оюнчусу деп табылды. Ошондой эле мыкты ат наамы “Бойка” аттуу атка берилди.
Белгилей кетсек, кыргыз спортчулары Москва облусуна 12-14-июнь күндөрүнө чейин Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жөнөтүлгөн.
Эске сала кетсек, мелдеш Орусия жана Евразия элдеринин V "Русский мир" фестивалынын алкагында өткөрүлдү. Турнирдин уюштуруу комитетинин курамына спортту жана тынчтыктын маданиятын жайылтуу боюнча региондор аралык коомдук фондунун, Орусия элдеринин ассамблеясынын, Москва облусунун Дене тарбия жана спорт министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Көк бөрү федерациясынын өкүлдөрү кирди. Мелдештер Кыргыз Республикасынын Көк бөрү федерациясынын эрежелери боюнча өттү.