Ысык-Көл облусунда адам өлтүрүүгө шектелип, эки жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди.
Анын айтымында, 3-июнь күнү Түп райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө Кудургу айылынын түштүк тарабында жайгашкан эски тегирмендин жанында белгисиз адамдын кан болгон денеси табылганы тууралуу кабар келип түшкөн.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-беренеси "адам өлтүрүү" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
"Окуя болгон жерге барган тергөө тобу маркумдун денесине сырткы кароо жүргүзгөндө, анын денесинде издер бар болуп, киши колдуу болгондугу аныкталган. Көп узабай, маркумдун аты-жөнү такталып, ал ушул эле айылдын 39 жаштагы тургуну болуп чыккан. Өлүм эмненин негизинде болгонун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, кылмышка шектүүлөрдү аныктоо, ошондой эле аларды колго түшүрүү боюнча тийиштүү издөө иштери башталган.
Натыйжада кылмышка негизги шектүү болгон Кудургу айылынын 36 жаштагы тургундун жашынып жүргөн жери аныкталып, Бишкек шаарынан кармалды. Алдын ала сурак учурунда, ал мындай ишке барганын жабырлануучуга болгон эски таарынычы себеп болгонун айткан. Мындан тышкары Түп районунун Күрмөнтү айылынан аталган кылмышка катыштыгы бар Ак-Булуң айылынын 62 жаштагы тургуну кармалган. Ал өз көрсөтмөсүндө, ошол күнү маркумду 39 жаштагы тургун жолугушуу үчүн эски тегирмендин жанына чакырып чыккандыгын көрсөткөн", - деп билдирди ал.
Райондук соттун чечими менен кармалган шектүүлөргө карата 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүп жатат.