Жалал-Абадда күйүүчү май ташуучу унаа оодарылып кетти

Жалал-Абад облусунда күйүүчү май ташуучу унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымытка ылайык, 102 кызматына Бишкек-Ош унаа жолунун тагыраагы Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагында май ташуучу унаа (бензовоз) жол кырсыгына кабылып оодарылып кетти деген маалымат келип түшкөн.
Абалды көзөмөлдөө үчүн Майлуу-Суу шаарынын ӨКБдан 1 бөлүм тартылып, жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте иш-чаралар жүргүзүлдү. Жабыркаган адамдар жок.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан