Баткен облусунда өлкө аймагына мыйзамсыз кирген АКШ менен Япониянын жарандары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Баткен облусунун Нургазык аймагына 23 жаштагы АКШнын жараны болгон эркек киши жана 32 жаштагы япониялык аял уруксат документтери жок эле киришкен", - деп айтылат маалыматта.
Жалпысынан алганда, жыл башынан бери, тагыраагы 1-январдан тарта Кыргыз өлкөсүндөгү мамлекеттик чек арасынан өтүүдө мыйзам бузган 192 жаран кармалган. Ошол эле 709 киши туура эмес документти пайдаланып, Кыргыз өлкөсүнө кирүүгө аракет кылганда колго түшкөн.