Абхазия мамлекетинен контрабандалык жол менен автоунааларды ташып келүү схемасы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн "Чалдыбар-Унаа жол" (Кыргыз-Казак чек арасынын) өткөрүү пунктунда Армениянын жасалма каттоо документтеринин негизинде контрабандалык унааларды ташып келүү схемасы аныкталды.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 223-беренеси "экономикалык контрабанда" менен катталган.
"Мамлекеттик чек ара кызматкерлери 9-июнда аталган өткөрүү пунктунан Вольво жүк ташуучу трал менен 8 жүргүнчү ташыган автоунааны ташып келе жаткан Кыргыз жараны кармалды", - деп билдиришти атайын кызматтан.
Жогорудагы айтылган унааларды текшерүүдө төмөнкүлөр табылды:
- Абхазия Республикасынын мамлекеттик автоунаа номерлеринин 8 документи;
- Абхазия Республикасынын автоунааларын каттоонун 8 күбөлүгү;
- Армения Республикасынын мамлекеттик каттоо белгилеринин 10 жасалма документи;
- Армения Республикасынын автоунааларын каттоонун 10 жасалма күбөлүгү;
- Кыргыз Республикасынын УКМК, чек ара кызматынын мамлекеттик 1 жасалма номери.
8 унаасы менен Вольво маркасындагы автотрал унаа токтотуучу жайга киргизилген.