Илимпоздор кандагы алкоголдун деңгээлин өлчөөчү кулакчын ойлоп табышты

Токио медициналык университетинин адистери кандагы спирт ичимдиктерин өлчөгөн кулакчын ойлоп табышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, аппарат кулак териси бөлүп чыгарган этанол бууларынан реалдуу убакыт режиминде маалыматтарды чогултууга жөндөмдүү. Кулакчын кулакты курчап турган газды чогултуучу атайын камерадан жана биохимиялык сенсордон турат. Денеде алкоголдун издери табылганда жарык индикатору күйөт, анын жаркыроосу алкоголдун концентрациясын көрсөтөт.

Окумуштуулардын айтымында, маалыматты чогултуунун мындай ыкмасы адамдын деминдеги алкоголдун концентрациясын өлчөөгө караганда ишенимдүү. Бирок бул шайманды башка максаттарда колдонсо болот. Мисалы, ар кандай ооруларды аныктоо жана организмдеги зат алмашууну баалоо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан