Баткен облусунун Кадамжай районунда милиция кызматкерлери кара куурайларды өрттөп жок кылышууда. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кадамжай РИИБнин милиция кызматкерлери Кыргыз-Кыштак, Ак-Турпак айыл аймактарындагы айылдарды кыдырып жапайы өскөн кара куурайларды өрттөшүп жок кылууда.
Жергиликтүү айыл аймактардагы өкүлдөр менен иштөө тобу түзүлүп, ар бир аймактар кылдат текшерилип жатат.
Жалпысынан бул аймакта болжол менен 4500 килограмм жапайы өскөн кара куурай жок кылынды.