Депутат Рада Туманбаева жер аянттарын инвентаризациялоо боюнча мыйзам долбоору экономика үчүн пайдалуу экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-июнда "Парламент" радиосуна берген маегинде билдирди.
“Жер басып алуучулар”, “гектарщиктер” деген жаңы каймана терминдердин пайда болуп жатканы жакшы көрүнүш эмес. Ошондуктан “Жер участокторун өткөрүп берүү (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда карадык", - дейт ал.
Депутат билдиргендей, жер салыгы айдоо аянттарына караганда, жеке жер тилкелеринен көбүрөөк жыйналат. "Бул экономика үчүн абдан пайдалуу. Ошондой эле жер аянттарын инвентаризациялоо ишинде да тартиптүүлүк орнойт. Шаар туурасынан эмес, бийигинен өсүүсү үчүн жер участокторуна өтө дыкат мамиле жасалат. Турак – жай конушундагы инфратүзүмдөрдү камсыз кылуу милдетине байланышкан чыгымдарды ошол жердеги жеке менчик участоктордун ээлери жабат деп көрсөтүлүүдө", - деди эл өкүлү.