Бүгүн, 15-июнда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунун алкагында Япониянын Суита шаарында күчтүү делинген Япония курамасына каршы беттешет.
Бүгүнкү оюнда "Ак шумкарлар" тайпадагы экинчи орунду сактап калышы үчүн сөзсүз жеңиши керек же Тажикстан Мьянмага жеңилиши керек. Кыргыз курамасынын негизги курамы оюнга бир саат калганда жарыяланат.
Айрым чет элдик спорттук басылмалар Япония курамасынын жылдызы Такуми Минамино клубундагы оюндарга байланыштуу Япония курамасын таштап кеткенин жазып чыгышты.
SUPER.KG порталынан Япония - Кыргыз беттешин онлайн окусаңыз болот.
Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 16:30да башталат.