Бүгүн, 15-июнда футбол боюнча Европа чемпиондугунун кезектеги тайпалык баскычтагы оюну орун алат. Буга чейин күнүнө үчтөн оюн өткөрүлсө, бүгүн акыркы "F" тайпасындагы 4 команда 2 оюн өткөрөт.
Оюндардын тизмеси: Венгрия - Португалия;
Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.
Франция - Германия;
Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.
Жалпысынан турнирге 24 команда катышып, алар 6 тайпага бөлүнгөн. Тайпалык баскычтын жыйынтыгы боюнча плей-офф баскычына 16 команда чыгат.