Футбол: "Тажикстанда мүмкүнчүлүк көбүрөөк". "Ак шумкарлардын" тайпадагы абалы кандай? (башка тайпадагылар менен салыштыруу)


Бүгүн, 15-июнда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунун алкагында Япониянын Суита шаарында күчтүү делинген Япония курамасына каршы беттешет. Мындан улам "Ак шумкарлардын" тайпадагы абалы, 2-орун менен тайпадан чыга турган командалардын тизмесин карап көрдүк.

Түндүк Корея курама командасы андан аркы оюндарга катышуудан баш тарткандыктан, АФК тандоодо анын жыйынтыгын жокко чыгарууну чечкен.

Учурда Кыргыз өлкөсү 10 упай менен экинчи орунда турат. Ал эми тайпада экинчи орунду ээлеген 8 команданын ичинен 4 упай айырмачылыгында акыркы орунда турат. Тайпадагы акыркы орунда жайгашкан командалар менен болгон оюндун жыйынтыгы эсепке алынбайт. Биздин тайпада Мьянма акыркы орунда.Акыркы турдук оюнда Тажикстан Мьянма менен ойнойт жана биз экинчи орундан айрылып калуубуз толук мүмкүн. Биздин атаандаш Япония. Мьянма курамасын 8:1 менен уткан жеңишибиз Тажикстанга коркунуч деле алып келбейт. Алардын экинчи орунду ээлөөгө, ал тургай алдыңкы 12 орунга кирүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрү бар.

Эгерде биз бүгүнкү оюнда жеңиле турган болсок, анда экинчи мыкты команда үчүн күрөш Өзбекстан, Ливан жана Тажикстандын ортосунда болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Umar7
2021-06-15 09:24:30
Монголияны жеңиш кереп болчу
+7
Foxes_CH
2021-06-18 02:03:02
Umar7,женгенде эч нерсе ознорбойт болчу
0
Umar7
2021-06-15 09:25:12
Тажиктер качан болсо бизге оролошту да ушу
+4
Aybiyke
2021-06-15 09:51:49
Умут узбой туралы ийгилик ак шумкарлар
+1
Abdyrashit.Satylganov
2021-06-15 11:28:34
Экинчи орун үчүн Ливан, БАЭ, Тажикстан менен болсо керек эле. Канткен күндө да Кыргызстан 3 раундка чыгат, эгер таблицага ишене турган болсок. Алардын ичинен БАЭ фаворит, биз кайра эле Тажикстан менен беттеш өткөрөбүз
0
Alixan-Nookat.2015
2021-06-15 21:11:01
Тажиктер чыкпай калсын ооомийн
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан