
Бүгүн, 15-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ала качуунун курмандыгы болгон
Айзада Канатбекованы ала качкандар боюнча соттук отурум уланмак.
Бирок 5 айыпталуучунун биринин жактоочусу келбей калганына байланыштуу сот 1-июлга жылдырылды.
Сотто 5 айыпталуучунун иши каралмак, алар Сыймык Молдосариев, Кубаныч Токон уулу, Ажыкабыл Рысбай уулу, Замирбек Раманкулов, Орузбек Нурумбетов. Булар Айзаданы ала качкан Замирбек Теңизбаевге жардам беришкен.
Сотко Айзада Канатбекованын апасы жана жакындары келишти.