Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Түштүк Кореянын k-pop толугу менен айтсак кореялык поп жанрындагы ырларды угуп, кинолорун көргөндөргө жазаны күчөтүү тууралуу тиешелүү бийлик органдарына буйрук берди. Бул тууралуу "The New York Times" басылмасынын түштүк кореялык бюросунун башчысы Чхве Санг Хун билдиргенин чет элдик ЖМКлар жазып чыгышты.
Бул өлкөдө Түштүк Кореянын сериалдарын көрүүгө, ырларын угууга башынан эле катуу тыюу салынган. Эгер түштүк кореялык сериалдарды көрүп, ырын уккандар аныкталса, аларга карата катаал жаза каралганы маалым. Бирок Кытай аркылуу Түндүк Кореяга CD-дисктерге жазылган тасмаларды, ырларды мыйзамсыз саткандар көп. Жергиликтүүлөр дисктерди сатып алып жашыруун түрдө көрүшөт. Мындай учур өзгөчө карантин учурунда көп катталган. Мындан улам өлкө лидери Ким Чен Ын жазаны күчөтүү тууралуу тапшырма берген. Ага ылайык, буга чейин түштүк кореялык кинолорду көрүп, ырларын уккандар 5 жылга чейин кара жумушка лагерге айдала турган болсо, эми бул мөөнөт 15 жылга чейин узартылды. Буга чейин түштүк кореялык сериалдары, ырлары топтолгон CD-диск саткан жаран өлүм жазасына тартылганын маалымдашкан болчу.
Белгилей кетсек, буга чейин Ким Чен Ын Түштүк Кореянын k-pop маданиятын "залалдуу шишик" деп атап, өлкөгө бул маданияттын киришин алдын алуу керектигин айткан. Ал түштүк кореялык сериалдар жана ырлар Түндүк Кореянын жаштарын "бузат" деген.