Орусиянын Новосибирск шаарында авто газ куюуучу жайда чыккан өрттөн жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары да бар. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 14-июнда болжол менен саат 18:00 чамасында (жергиликтүү убакыт боюнча) Новосибирск шаарынын Октябрь районундагы Гусинобродское шоссе көчөсүндө жайгашкан авто газ куюучу жайда келип чыккан өрттөн улам жарылуу болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, 30дан ашуун киши жабыркаган. Окуя болгон жер Кыргыз жарандарынын компакттуу жашаган аймагына жакын болгон. Жабыркагандардын арасында үч Кыргыз жараны бар экендиги аныкталган.
Башкы консулдуктун кызматкерлеринин маалыматында жабыркаган жарандар Новосибирск облустук клиникалык ооруканасынын күйүк бөлүмүнө жаткырылган. Алар: 1968-жылы туулган Ош облусунун Кара-Суу шаарынын тургуну У.О. денесинин 20 пайызга жакыны күйүк алган. Экинчи жаран 2001-жылы туулган Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну А. уулу Н. жеңил күйүк алган. Дагы бирөөсү Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургуну, 1988-жылы туулган А.Б. жеңил күйүк алган. Окуя болгон учурда нес абалда болгондуктан, кырсык орун алган жерден кетип калган. Кийинчерээк ооруканага жеткирилген.
Ошондой эле өрттүн жана жарылуунун натыйжасында, Кыргыз жараны ижарага алып иштетип жүргөн кафе жана Кыргыз жараны иштеген дөңгөлөк алмаштыруучу жай күйүп кеткен. Бул жарандар тез арада эвакуацияланган. Өрт болгон жерде Башкы консулдуктун кызматкерлери алар менен жолугушуу өткөрүшүп, паспорту күйүп кеткен бир жарандын өздүгүн аныктоочу документин Башкы консулдук кыска убакыт ичинде калыбына келтирүү үчүн тиешеллүү иш-аракеттерди көрмөкчү.