Жалал-Абад облусунда оор жүк ташуучу унаадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, кечээ, 14-июнь күнү Бишкек-Ош унаа жолунда, тагыраагы Беке-Чал тилкесинде DAF оор жүк ташуучу унаанын прицеби толугу менен күйүп кеткен.
Өрттү өчүрүүгө ӨКБдан бир бөлүм тартылып, саат 13:23тө өрт чектөөгө алынып, саат 15:05те толук өчүрүлдү. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.