Министрлик: "Изилдөөгө жөнөтүлгөн биоматериалдардан коронавирустун Британ, Түштүк Африка, Индия, Орусия штаммдары аныкталды"

Апрелден бери коронавирус менен ооругандардын саны көбөйдү. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифингде билдирди.

“Акыркы жети күндүн ичинде оорунун жайылуу көрсөткүчү 1,3 пайызды түздү”, - деди Рахматулаев.

Ушул күндөрү оору көп катталган Бишкек шаары, Чүй, Ош облустары “кызыл зонада” турат.

“2020-жылы сентябрь айында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) коронавирустук инфекциянын мутацияланган жаңы штаммы (британ штаммы) катталганын билдирген. Ошол учурдан тартып дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө COVID-19 вирусунун аталган штаммы каттала баштаганы байкалган. 2021-жылы март-апрель айларында ДССУнун Новосибирск шаарындагы референс лабораториясына изилдөөгө жөнөтүлгөн биоматериалдардын 44 пайызында Британ штаммы, бирден учур Түштүк Африка жана Индия, 39 пайызында Орусия штаммдары аныкталган”, - дейт ал.

Рахматуллаев катталган Британ, Түштүк Африка, Индия штаммдары төмөнкү санитардык-гигиеналык жана эпидемиологиялык талаптарды аткарбаган шартта калк арасында оорунун көбөйүшүнө таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн айтат:

- коомдук жайларда бет кап режимин, колдун гигиенасын сактабоо;

- чектөөлөргө карабастан маданий массалык жана салтанаттуу иш-чаралардын өткөрүлүшү;

- коомдук жайларда (коомдук тамактануу жайларында, транспортто, соода борборлорунда, базарларда жана башка жайларда) аралыкты сактабоо;

- өзүнүн абалын туура эмес баалоо, сактыктын жоктугу, вирустук инфекциянын белгилери бар адамдар мектепке, жумушка жана коомдук жайларга барууну улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан