Ош облусунда 28 жаштагы кишини сабоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин Өзгөн районунда ур-токмокко тиешеси бар деген шек менен уюшкан кылмыштуу топтун 28 жана 34 жаштагы мүчөлөрү кармалган. Бүгүнкү күндө аталган кылмышка тиешеси бар үчүнчү жаран дагы кармалды. Ал 39 жаштагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экени аныкталды.