"Ак шумкарлардын" бир нече оюнчусу Японияга каршы оюнга катышпайт. Кимдер? (тизме)

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын 5 оюнчусу Японияга каршы оюнга катышпайт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу кабарлады.

"Коргоочу Валерий Кичин, жарым коргоочу Бекжан Сагынбаев, дарбазачылар - Валерий Кашуба, Кутман Кадырбеков жана Эржан Токатаев Япония менен болгон беттеште талаага чыгышпайт. Анткени аталган оюнчулар коронавирус жугузду деген күмөндүүлөрдүн "сары тизмесине" кирип калган. Бирок ушул убакытка чейин бир нече жолу белгиленгендей, оюнчулардын тесттери бир дагы жолу оң жыйынтык көрсөткөн эмес. Бул чектөөлөр Япония өкмөтүнүн коронавируска каршы чаралары алкагында оюндарды кабыл алган уюм тарабынан көрүлүп жатат", - деп билдиришти Кыргыз футбол союзунан.

Японияга каршы ойной турган "Ак шумкарлардын" негизги курамы оюнга бир саат калганда жарыяланат.

SUPER.KG порталынан Япония - Кыргыз өлкөсү беттешин онлайн окусаңыз болот.

Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 16:30да башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aerforce
2021-06-15 14:22:05
Мьянма менен ойногондо коронавирусу жок болуп Монгол Япондор менен ойносо коронавирус чыгып калабы бизди жон эле ойнотушатда биздин чондор жон эле чалкалайсынар колунардан к келбейт
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан