Нидерландынын ханбийкеси 1 миллион 500 миң евролук жөлөк пулдан баш тартты

Голландиянын мураскер ханбийкеси Катарина-Амалия ушул жылдын 7-декабрында 18 жашка толуп, мамлекеттик жөлөк пул ала баштайт. Бирок ал 1,5 миллион евролук кирешесинен баш тартты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматта падыша Виллем-Александрдын жана ханыша Максиманын 17 жаштагы кызы мындай чечими менен тарыхта калары жазылган. Ханбийкеге 2021-жылы 111 миң евро төлөнүшү керек. 2022-жылы ханбийке Нидерландынын консультативдик комиссиясына киргенде жөлөк пул 1 миллион 500 миң еврого чейин көтөрүлөт. Бул жөлөк пул ханбийкеге эмгек акы катары да, оперативдик жана персоналдык чыгымдар үчүн дагы берилет. Бирок ханбийке бул укуктардан баш тартты.

“2021-жылдын 7-декабрында 18 жашка чыгам. Коронавирус мезгилинде башкалар кыйналып турган учурда, эч нерсе жасабай эле акча алуу мага ыңгайсыздыкты жаратат", - деген ал Нидерландынын премьер-министри Марк Рюттеге жазган катында. Амалия падышалык милдетин толугу менен аткармайынча, мамлекеттик субсидияларды алгысы келбей тургандыгын кошумчалаган.

Падыша Виллем-Александрдын жана Максима ханышанын улуу кызы, ханбийке Амалия, атасы 2013-жылы 30-апрелде такка отурганда Голландия падышалыгынын мураскери болгон. Анын Алексия жана Ариана аттуу сиңдилери бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан