Сиздердин аракетиңиздердин натыйжасы – сакталып калган өмүрлөр. Министр өрт өчүрүүчүлөрдү куттуктады

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өрткө каршы мамлекеттик кызматынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгы менен бул тармактын кызматкерлерин куттуктады. Министрдин куттуктоо сөзүн ӨКМнын маалымат кызматы жарыялады.

"Урматтуу кесиптештер! Урматтуу ардагерлер!
Кыргыз өлкөсүнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы жамаатынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан 15-июнь күнү өрткө каршы мамлекеттик кызматынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Өрткө каршы кызматы түзүлгөнүнөн тарта канчалаган өрттү өчүрүп, канча деген адам өмүрүн куткарып калды. Бул аралыкта канчалаган муун алмашып, улуулары кичүүлөрүнө жол көрсөтүп, акыл-кеңешин берип, бүгүнкү күндө такшалган тажрыйбалуу адистер эмгектенүүдө.
Мына ушул кызматтын жоопкерчиликтүү түрүн тандап алып, мекенибизге жан аябай кызмат көрсөтүп, кыргыз элин, жерин өрт кырсыктарынан коргоп келе жатасыздар.
Сиздердин аракетиңиздердин натыйжасы – сакталып калган өмүрлөр.
Сиздердин түйшүктүү жана сыймыктуу ишиңиздерде бекем ден соолук жана үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай каалайм!
Бүгүнкү майрамыңыздар кут болсун, мекенибиз тынчтыкта болсун", - дейт Ажикеев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан