Бүгүн, 15-июнда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Япониянын Суита шаарындагы "Panasonic Stadium" стадионунда Япония курамасына каршы оюн өткөрөт. Оюн алдындагы "Ак шумкарлардын" чечинүүчү бөлмөсүнүн сүрөтүн Кыргыз футбол союзу жарыялады.
Кыргыз курамасы бул оюнда ак түстөгү форма менен талаага чыкса, Япония үй ээси катары көк түстөгү форма менен ойнойт.
SUPER.KG порталынан Япония - Кыргыз өлкөсү беттешин онлайн окусаңыз болот.
Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 16:30да башталат.