Бишкекте ири өлчөмдө алдамчылык кылууга шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 3-июнь күнү Ленин райондук милициясына шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда 16-май күнү Жал кичи районунан чала тааныш эки аял арыз ээсинин ишенимине кирип, ижарага алабыз деп Лексус 470 үлгүсүндөгү унаасын алып, ээсине 350 доллар 5 күнгө ижара төлөгөн. Андан кийин унааны Бишкектеги ломбарддардын бирине 6 миң долларга таштап, из жашырып кеткендерин жазган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене "алдамчылык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Кийин унаанын ээси ломбарддан өзүнүн каражаты менен 7 миң 700 доллар төлөп чыгарып алганы белгилүү болгон. Келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 651 миң 584 сомду түзгөн.
Издөө иштеринин жүрүшүндө 38 жана 45 жаштагы аялдар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ленин райондук соту шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын карап, бирин СИЗО-1ге бир айга камакка алып, 38 жаштагы аялды үй камагына чыгарган. Учурда иликтөө иштери уланып жатат", - деп билдиришти аталган райондук милициядан.