Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган расмий иш сапары менен Азербайжанга барды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, эки мамлекеттин желектери желбиреген Баку шаарындагы Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортто, сыйлуу коноктун урматына ардактуу кароол тизилди. Эрдоганды жана анын жубайы Эмине Эрдоганды аэропорттон Азербайжан премьер-министринин биринчи орун басары Ягуб Эйюбов, тышкы иштер министринин орун басары Халаф Халафов жана башка адамдар тосуп алышты.
Түрк президентинин өткөн күздө Тоолуу Карабахтагы Армения менен кагылышуудан кийин Бакунун көзөмөлүнө өткөн Физули жана Шуша шаарларына барышы күтүлүүдө.