Бүгүн, 15-июнда Япониянын Суита шаарында футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунун алкагында Япония курамасына каршы ойноду.
Калыс ышкырыгын жаңыртты. Беттеш аяктап, "Ак шумкарлар" 5:1 эсебинде жеңилип, тайпадагы акыркы оюнун жыйынтыктады.
Беттештин негизги убактысы аягына чыкты. Омандык башкы калыс оюнга 2 мүнөт кошуп берди.
Фархат Мусабеков Япония курамасынын оюнчусуна каршы оюн эрежесин бузуп, сары айып кагазын алды. Крестинин аны дароо алмашууга кетирди. Мусабековдун ордуна Одилжон Абдурахманов талаага чыкты.
Кайрадан эле Япония. Самурайлар Кыргыз курамасынын талаасын дээрлик ээлеп алып, кези келгенде дарбазага сокку узатышууда.
Мирлан Мурзаев менен Алимардон Шүкүров алмашууга кетти. Эки футболчунун ордуна Элдар Молдожунусов менен Эдгар Бернхардт оюн талаасына чыкты.
Кезектеги гол! Япония футболчулары ылдам каршы чабуулда мыкты болуп, эсеп саны 5:1 болду.
Алимардон Шүкүров каршылаш футболчуга каршы оюн эрежесин бузду. Стандарттык абал.
Гол!!! Бурчтан чыгарып берүүнү алмашууга чыккан Япония курамасынын оюнчусу дарбазага таамай багыттады. Эсеп саны 4:1.
Япониянын башкы машыктыруучусу бүгүнкү оюнда 3 гол жараткан Адо Онаиуну алмаштырып, анын ордуна 19-номурдагы оюнчусун чыгарды.
Япония оюнчуларынын жаны тына элек. Бурчтан чыгарып берүүдө топко Бактияр Дүйшөбеков биринчи болуп жетти.
Кыргыз курамасында алмашуу: Турсунали Рустамовдун ордуна Эрнист Батырканов оюн талаасына чыкты.
Япония "Ак шумкарлардын" дарбазасынын жанында дагы бир кооптуу чабуулун жасады, бактыга жараша топ сызыктан чыгып кетти.
Кыргыз курамасы оюндагы сейрек чабуулдарынын бирин уюштурду. Япон коргоочулары топту тартып алып, оюнду кайрадан көзөмөлгө алышты. Жигиттер ойнош керек.
Япония курамасы кайрадан оюнду толугу менен көзөмөлгө алды. Кыргыз курамасы ылдам каршы чабуулга чыгуу аракетин көрүп, тилекке каршы топ сызыктан ашып кетти.
Сары айып кагазын алган Айзар Акматов оюн эрежесин дагы бузду. Абайлаш керек.
Гүлжигит Алыкулов жакшы эле чабуулга чыккан. Чабуул учурунда Мирлан Мурзаев экөө бири-бирин түшүнө албай топту жоготту.
Алимардон Шүкүров кезектеги стандарттык абалды аткарды. Тилекке каршы, топко каршылаштардын дарбазачысы биринчи болуп жетти.
Оюнчулар эс алуудан чыгышты. Калыс ышкырыгын жаңыртып, беттештин экинчи бөлүгү башталды. Алга, жигиттер!
Беттештин биринчи бөлүгү аягына чыгып, командалар эс алууга кетишти.
Гооол! Мирлан Мурзаев пенальтини аткарып, Кыргыз курамасынын Япония курамасына каршы алгачкы тарыхтагы голун жаратты.
Гүлжигит Алыкуловго каршы оюн эрежеси бузулду. Пенальти!
Япония оюнчулары эреже бузду. Стандарттык абал. Көтөрүп берүүнү Алимардон Шүкүров жасады.
Япония кезектеги бурчтан чыгарып берүүсүн аткарды. Көтөрүлгөн топко кыргыз футболчулары биринчи болуп жетти.
Кыргыз курамасы кезектеги чабуулун жасады. Мирлан Мурзаевдин чыгарып берүүсүн Алимардон Шүкүров алып, дарбазага сокку жасады. Топ каршылаштардын коргоочусуна тийип артка кетти.
Япония курамасы оюнду толугу менен көзөмөлгө алды. Каршылаштар арты-артынан чабуул уюштурууда.
Япония курамасы кезектеги голун жаратты. Коргоочулар кайда? Көтөрүлгөн топту самурайлардын оюнчусу Матяштын дарбазасына таамай багыттады. Эсеп саны 3:0.
Гол! Япония курамасынын оюнчусу "Ак шумкарлардын" төрт оюнчусун алдап чыгарып берүү жасады. Тилекке каршы топ Айзар Акматовго тийип, голго айланды. Эсеп саны 2:0.
Пенальти, Айзар Акматовдун колуна топ тийгендигине байланыштуу калыс сары айып кагазын көрсөтүп, пенальти койду. Япония гол жаратып, эсеп санын 1:0гө айлантты.
Япония курамасы "Ак шумкарлардын" талаасын толугу менен көзөмөлгө алгандай. Ал ортодо Япония курамасынын оюнчусу көтөрүлгөн топко биринчи болуп жетип, башы менен сокку узатты. Топ дарбаза мамысына тийди.
Бурчтан чыгарып берүүнү Япония курамасынын оюнчусу дарбазага таамай багыттады. Матяш мыкты сейф жасап, топту артка кайтарды.
Ой-ойй, Кыргыз курамасынын дарбазасынын жанында өтө кооптуу абал жаралды. Александр Мищенко коргонууда мыкты болуп, Матяш топко биринчи жетти.
Япония курамасы топко көбүрөөк ээлик кылууда. Өз кезегинде "Ак шумкарлар" чабуул уюштуруп жатышат. Япония курамасы оюн оңой эместигин түшүнгөндөй коргонууга басым жасай баштады.
Япония курамасынын оюнчусу "Ак шумкарлардын" оюнчусуна карата оюн эрежесин бузду. Стандарттык абал. Алимардон Шүкүров көтөрүп берүү жасап, тилекке каршы топ өйдө кетти.
Япония курамасы алгачкы бурчтан чыгарып берүүсүн аткарат. Абайлаш керек.
Беттештин 10-мүнөтү. Эсеп саны 0:0. Ал ортодо Япония кооптуу делген ылдам каршы чабуул уюштурду.