Түштүк Корея менен Түндүк Кореянын чек арасын эми роботтор кайтарат. Бул тууралуу Түштүк Кореянын маалымат агенттиктерине шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Түштүк Корея чек арага заманбап датчиктер орнотулган, жасалма интеллект колдонулган роботторду ишке киргизүү алдында турат. Ушул жылдын октябрь айында демилитаризацияланган аймакка баасы 2 миллион 500 миң доллар болгон роботтор пилоттук режимде ишке киришет. 3 айдан кийин аларды массалык түрдө колдонуп башташат. Бул роботтор секундасына 5 метр аралыкты басып өтө алышат, ошондой эле күнү-түнү нөөмөттө турууга ылайыкташкан. Ага заманбап сенсордук камералар орнотулган. Алар кооптуу учурду же шектүү объекттерди дароо каттап, операторлорго кабарлап турат. Муну менен чек арадагы абал күнү-түнү көзөмөлдө болуп, ар кандай кырдаалдарга даяр турууга жардам берери айтылат маалыматта.