Чүйдө аялдын жансыз денеси табылды. Милиция коомчулуктан аты-жөнүн тактоого жардам сурайт

Чүйдө денесинде зордук-зомбулуктун белгилери бар аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-апрель күнү Жайыл РИИБине денесинде ур-токмоктун белгилери бар 35-40 жаштагы аялдын сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип, 1975-жылы туулган жаран кармалып камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында милиция кызматкерлери жабырлануучунун аты-жөнүн тактоого аракет кылып, болжолдуу анкетасын аныкташкан. Ал буга чейин Кара-Балта шаарында жайгашкан үй-жайсыздардын баш калкалоочу жайына кайрылып жүргөн 1988-жылы туулган Н.Н. болушу мүмкүн", - деп билдиришти облустук милициядан.

Маркумдун аты-жөнү так эместигине байланыштуу Жайыл РИИБинин кызматкерлери коомчулукка кайрылып, сүрөттөгү жаранды тааныгандар болсо байланышууну суранат: 0312 43 01 27, 0312 22 15 58, 0313 33 38 14, 0701 203 102, 0709 621 285, 0701 022 361.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Shabi
2021-06-15 17:50:42
Тируу кезиндеги сурот го.же тургузуп туруп тартканбы.
+9
Erlan_95
2021-06-16 16:25:38
Shabi, Тургузуп тарткан го. Бирок чын эле тируудой эле корунот экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан