Энрике Иглесиас жана Анна Курникова үчүнчү кызын коомчулукка көрсөттү

Орусиялык теннисчи Анна Курникова менен атактуу испаниялык ырчы Энрике Иглесиас үчүнчү наристеси Машаны коомчулукка көрсөттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Анна Курникова менен Энрике Иглесиас дээрлик 20 жылдан бери чогуу. Алар үч баланы тарбиялап келишет. 2017-жылы Николас менен Люси аттуу эгиздер жарык дүйнөгө келген. Ал эми 2020-жылы үчүнчү кызы Маша төрөлгөн. Жакында эле ырчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына кичүү кызынын сүрөтүн жарыялаган. Машанын көздөрү көк, чачы сары болуп апасына окшош экенин көрүүгө болот.

Энрике Иглесиас балдарын абдан жакшы көрөрүн айтып келет. Маша төрөлгөндө ырчы укмуштуудай бактылуу болгонун айткан. Анын балдары менен түшкөн ар бир сүрөтүнө катталуучулары жылуу пикирлерин калтырып турушат.

Белгилей кетсек, Анна Курникова менен Энрике Иглесиастын балдары үч тилде - орус, англис жана испан тилдеринде сүйлөшөт. Белгилүү түгөйлөр келечекте кыздарынын бири Аннадай болуп спортчу болуусун каалашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kombi
2021-06-16 10:10:38
Ринг май Беллс. Ring my bells
+2
Mubarak
2021-06-16 22:44:03
Ооба студенттик кундорду естеп кеттим
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан