Баткенде унаа айдап качууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарынын 28 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Арызда 12-июнь күнү болжол менен саат 20:00 чамасында Дэу Матис үлгүсүндөгү унаасын ашканалардын биринин жанына токтотуп койгон жеринен белгисиз жаран айдап качып кеткендигин жазган.
Бул арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 206-беренеси "автотранспорт каражаттарын айдай качуу" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
"Кылмыш изи сууй электе ошол эле түнү милиция кызматкерлери тарабынан Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын 39 жаштагы тургуну кармалган. Уурдалган унаа өз ээсине кайтарылып берилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти Баткен ОИИБинен.