Бүгүн, 15-июнда Япониянын Осака шаарында "Ак шумкарлар" менен бир тайпадагы Тажикстан курамасы Мьянма курамасы менен беттеш өткөрүүдө.
Саат 17:20га карата беттештин биринчи бөлүгү аяктап, Тажикстан 1:0 эсеби менен алдыга чыкты.
Тажикстан курамасы тайпада "Ак шумкарлардын" эң негизги атаандашы. Бул оюнда Мьянманын жеңиши биз үчүн өтө маанилүү.