Бүгүн, 15-июнда футбол боюнча Тажикстан улуттук курама командасы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунун алкагында Япониянын Осака шаарында Мьянма курамасы менен кез келип, 4:0 эсебинде жеңишке жетти.
Муну менен алар "F" тайпасында 13 упайы менен Япониядан кийин экинчи орунга жайгашты. Тажикстан Дүйнө чемпиондугуна тандоо турунун үчүнчү айлампасына чыга алабы же жокпу, бүгүн орун ала турган башка тайпадагы оюндардын жыйынтыгына байланыштуу болот.
Ал эми Кыргыз улуттук курама командасы "F" тайпасын 10 упайы менен үчүнчү орунда жыйынтыктап, Дүйнө чемпиондугуна тандоо турун расмий жыйынтыктады.