Израиль өлкөсү коронавирус илдетинин деңгээли эң төмөнкү деңгээлге түшкөндүктөн бет кап тагынуудан жана эмдөөдөн толугу менен баш тартты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, 15-июндан тартып Израиль бийлиги банк, супермаркет сыяктуу коомдук жайларда бет кап тагынып жүрүү талаптарын толугу менен жокко чыгарып, коронавирус инфекциясынын деңгээли эң төмөнкү деңгээлге түшкөндүктөн өлкө ичинде эмдөөдөн баш тартышкан.
Апрель айында израилдиктерге коргоочу шаймандарды сыртта кийбөөгө уруксат берилип, калган бардык чектөөлөр 1-июндан баштап алып салынды. Эми бардык адамдар бет каптан баш тарта алышат.