"20 сантиметрден ашат". Кытайлык аял кирпигинин узундугу боюнча дүйнөлүк рекордду жаңылады

Кытайлык аял кирпигин 20 сантиметрге өстүрүп дүйнөлүк рекордду жаңылады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кытайлык Ю Цзянься аттуу аял кирпигинин узундугу боюнча өзүнүн рекордун жаңылады. Учурда анын кирпигинин узундугу 20,5 сантиметрди түзөт. Буга чейин ал алгачкы жолу 2016-жылдын 28-июнунда "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген. Ошол учурда анын кирпигинин узундугу 12,4 сантиметр болгон. Туура 5 жылдын аралыгында анын кирпиктери 8 сантиметрге өскөн.

"Мен 2015-жылы кирпиктеримдин тынымсыз өсүп турарын түшүндүм. Алар бара-бара узара баштады. Эмне үчүн кирпиктерим башкалардыкына караганда узунураак экендигин билүү үчүн дарыгерлерге бардым. Алар таң калып түшүндүрө алышкан эмес", - дейт Цзянься.

Ошондой эле ал эч качан тушь же кирпик өстүрүүчү каражат колдонбогондугун, узун кирпиктеринин жардамы менен көзү макияжсыз эле укмуштуудай көрүнөрүн кошумчалаган.

Кытайлык аял кирпигинин узундугу боюнча дүйнөлүк рекордду жаңылады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан