Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо жеңишке жетишкен аялдарга сый көрсөтүү иретиндеги "Мен – лидер аялзатымын: жаңы доорго кадам таштоо" аземине катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жергиликтүү жана улуттук деңгээлде аялдардын саясатка катышуусун кеңейтүү жаатындагы өлкөбүздүн бүгүнкү жетишкендиктери менен сыймыктанам. Бул чындыгында жалпыбыз, биздин өлкө үчүн чоң саясий ийгилик болуп саналат, ал президенттин саясий колдоосунун аркасында ишке ашырылууда. Урматтуу жергиликтүү кеңештин депутаттары, эми сиздерде бир гана депутаттык мандат эмес, өз айылыңыздын, жамаатыңыздын бакубаттыгы үчүн пайдаланыла турган бийлик инструменттери бар. Сизге талапкер болуп катышуу, үгүт иштерин жүргүзүү, үй-бүлөңүздөгү жана айылыңыздагы калыпка түшкөн көрүнүштөр менен күрөшүү оңойго турбаганын түшүнөм. Кандай гана болбосун, сиздер ийгиликке жетише алдыңыздар", - деди Жылдыз Бакашова.
Жылдыз Бакашова кошумчалагандай, Кыргыз Республикасы глобалдык шериктештиктин бир бөлүгү катары, негизги эл аралык келишимдер боюнча өз милдеттенмелерин аткарууда.
Туруктуу өнүгүү максаттары (2030) Күн тартиби алкагында республикада аялдардын саясий, экономикалык жана коомдук жашоого ар тараптуу жана реалдуу катышуусун жана алардын чечимдерди кабыл алуудагы лидерлигин камсыздоо боюнча 5.1 Милдетин ишке ашыруу үстүндө иш алып барылууда.
"Бүгүнкү күндө жергиликтүү деңгээлде аялдардын өкүлчүлүгүн көрсөтүүдөгү жетишкендиктерибиз жакынкы он жылдыкта гендердик теңчилик жана аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жаатында олуттуу ийгиликтерге жол ачат деп ишенип турабыз", - деди ал.
Иш-чаранын алкагында 40тан ашуун айылдык кеңештин депутаттары жана мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү, саясатчы аялдар жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн ортосунда түз жана ачык диалог орун алды.