Бүгүн, 16-июнда футбол боюнча Европа чемпиондугунун кезектеги тайпалык баскычтагы оюну орун алат. Бүгүнкү оюнда "А" жана "В" тайпасынын оюндары өтөт.
Оюндардын тизмеси: "В" тайпасы: Орусия - Финляндия;
Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат.
"А" тайпасы: Түркия - Уэльс;
Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.
Италия - Швейцария;
Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.
Жалпысынан турнирге 24 команда катышып, алар 6 тайпага бөлүнгөн. Тайпалык баскычтын жыйынтыгы боюнча, плей-офф баскычына 16 команда чыгат.