"Аким болууга жардам берем деп 9700 доллар алган". Ошто алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-май күнү Октябрь райондук милициясына калаа тургуну арыз менен кайрылган. Анда март айынын башында чала таанышы арыз ээсине Ош облусунун райондорунун бирине аким болууга жардам берем деп 9 миң 700 доллар каражатын алып, из жашырып кеткенин жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене "алдамчылык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жогорудагы кылмыш ишине шектелип 1958-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кийин сот анын баш коргоо чарасын карап СИЗО-1ге эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандады. Учурда иликтөө иштери уланып жатат", - деп билдиришти райондук милициясынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Tursunbaev1978
2021-06-16 10:15:59
Аким болом деп акча берген адамды дагы жазалаш керек
+5
Aky12
2021-06-16 11:06:56
Аким болом деп акча берген адамга чала болуптур,акчага куйгону аз келгенсип,озун да камап койгула,эптеп аким болсом,элдин акысын жеп,арам акча топтойм 9700долларды актатып алам деп ойлогон да
+3
Zumrudianka
2021-06-16 12:15:03
Аким болуу учун пара бергенге да укуктук баа берилсин ал да мыйзам бузду. Президент эмне деп какшап атат бул иттер эмне кылып атышат. Экоо акмак тен куноолуу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан