Баткен облустук прокуратурасы тарабынан баасы 19 миллион 200 миң сом болгон 10 гектар жер тилкеси Кара-Бак айыл өкмөтүнүн балансына кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, аталган айыл өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-октябрындагы Кыргыз Республикасынын жер мыйзамынын талаптарын бузуу менен кабыл алынган токтомунун негизинде А.Н. аттуу жаранга 10 гектар жер тилкеси мыйзамсыз ажыратылып берилгендиги аныкталды", - деп жазылат билдирүүдө.
Мыйзамсыз менчикке берилген жер тилкени кайтаруу максатында прокурордук акты келтирилип, жогорудагы токтом жокко чыгарылган жана 10 гектар жер тилке муниципалдык менчикке кабыл алынган.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен топтолгон материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.