"Пикир келишпестиктен улам". Чүйдө киши өлтүрүүгө шектелип өспүрүм кармалды

Чүйдүн Панфилов районунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, 14-июнда саат 01:01 чамасында Панфилов райондук милиция бөлүмүнө ур-токмоктон улам каза болгон кишинин (болжол менен 35-40 жашта) жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-беренеси "адам өлтүрүү" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, маркумдун аты-жөнү такталып, ал Кум-Арык айылынын 57 жаштагы тургуну болуп чыккан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмыш ишине шектелип 17 жаштагы өспүрүм Бишкек шаарынын аймагынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, аталган өспүрүм менен 57 жаштагы жаран пикир келишпестиктен улам уруша кетип, шектүү анын денесине залал келтирип, андан кийин аны таштап качып кеткен. Учурда бардык тийиштүү экспертизалар дайындалды.Тергөө уланып жатат", - деп билдиришти облустук милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан