"Абийирди сактоого үндөйт". Темир Бирназаровдун "Табылга" тасмасынын бет ачары өттү

Бишкектеги "Ала-Тоо" кинотеатрында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти жана “Тазар” кинокомпаниясы тарабынан тартылган Темир Бирназаровдун "Табылга" тасмасынын бет ачары өттү.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, бет ачарга министр Кайрат Иманалиев, маданият жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Тасма 2020–жылы тартылган. Мазмуну коомдогу социалдык маанилүү теманы козгоп, жаш муунду адамдык сапатты, абийирди сактоого, ак ниеттүүлүккө жана кайрымдуулукка үндөйт. Башкы ролдордо Эгемберди Чалабаев, Сайра Момунбаева, Адина Бектурова жана Арнал Элдосов ойногон.
Сценарийге ылайык, мугалим болуп иштеп жүрүп, жумушсуз калган Жамил эки кызы, аялы менен Бишкекке көчүп келип, шаардын четинде жаңы салынган үйлөрдүн бирине батирге кирип, ижарага кичи автобус алып оокат кылууну чечет. Иши жакшы жүрбөй, карыздан карызга батып, эптеп эл катары оокат кылып жүрөт. Күндөрдүн биринде унаасына жүргүнчүлөрдүн бири унутуп кеткен үч жүз миңдей доллар жана элүү миң евро акчасын таап алат. Үй-жайы жок, өмүр бою муктаждыкта, жокчулукта батирде жашаган адам үчүн мындай чоң олжо жашоо шартын оңдоп алуу үчүн укмуштуудай табылгыс мүмкүнчүлүк болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jacob.
2021-06-16 10:19:13
Логика кайда калды, үч жүз мин доллар, 50 мин евросу бар адам маршруткада кайдан?!
Кичи автобус эмес женил унаа алып таксовать этип иштеди десе болмок экен...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан