Ысык-Көлдө жол кырсыгынан эки адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Түп районунун Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда түнкү саат 01:00 чамасында Субару Легаси үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жол кырсыгына кабылган. Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши каза болуп (1992-жылы туулган Р.К., 2002-жылы туулган К. уулу Б.), 2002-жылы туулган К.А. аттуу бала жаракат алган. Жерине 4 куткаруучу тартылган", - деп жазылат маалыматта.
Жаракат алган жаран "Тез жардам" аркылуу ооруканага жеткирилип, ал эми куткаруучулар жеткенге чейин каза болгон жарандар унаадан чыгарылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилген.