Жалал-Абадда шахта урап, анын ичинде калып калган 2 киши каза болду. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан бүгүн, 16-июнда кабарлашты.
Маалым болгондой, 15-июнда Сузак районунун Маркай айылында жайгашкан шахта урап, 2 адам калып калган. Жерине 5 куткаруучу, Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 1 офицер жана "Тез жардам" кызматынан 1 бригада тартылган. Кырсыктан каза болгондордун жансыз денелери саат 16:58де чыгарылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Каза болгондордун бири 46 жашта, экинчиси 48 жашта болгон. Маркумдардын жансыз денелери ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилди.