Орусиялык ырчы МакSим өпкөсүнүн 40 пайызы жабыркап, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу аткаруучу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган.
Маалыматка ылайык, 38 жаштагы ырчы 12-июнда Казань шаарында дене табы 39-даражага чейин көтөрүлгөнүнө карабай, концертте ырдаганын, бирок коронавирус илдети тастыкталбаганын айткан. Ал суук тийгендин белгилерин бир күн мурун сезип, бирок концертти жокко чыгарбоону чечкен.
Ырчы анын абалы начарлап, дене табы түшпөгөндүктөн, дарыгерлер аны ооруканага жаткырууну чечишкенин белгилеген.
"Учурда өпкөм 40 пайызга жабыркаган, дарыгерлер пневмония экен деп жатышат" деп жазган МакSим.