Бүгүн, 16-июнда Швейцариянын Женева шаарында Орусия президенти Владимир Путин менен АКШ президенти Жо Байдендин жолугушуусу өтөт. Мындан улам Женева шаары дүйнө лидерлеринин жолугушуусуна кандай даярдык көрүп жатканын карап көрдүк.
1. Эки лидердин жолугуша турган жери Женева көлүнүн жанында жайгашкан. Анын жанына чатыр орнотулган - ал саммитте иштөө үчүн медиа борбор болот.
2. Жолугуша турган жердин айланасында коопсуздук чаралары күчөтүлдү.
3. Швейцария бийлиги өлкөнүн башка аймактарынан 900 полиция кызматкерин жана 1000 аскер кызматкерин Женевага жөнөтүүнү чечкен.
4. Аскер кызматкерлери дипломатиялык объектилерди коргоого жардам беришет жана аба мейкиндигин көзөмөлдөшөт.
5. Саммит үч бөлүккө пландаштырылган: тар форматтагы сүйлөшүүлөр, кеңейтилген форматта, андан кийин сүйлөшүү тыныгуудан кийин улантылат.
6. Сүйлөшүүлөрдөн жана жеке пресс-конференциялардан кийин Путин Швейцариянын президенти Гай Пармелин менен жолугушат.
Байден менен Путиндин жолугушуусу тыныгууну кошкондо 5 саатка созулат.